Шрифттин өлчөмү
Интервал
Сүрөттөр

Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө маалымат

                                                                          

                                                                                                                                                                                                           Лейлек айыл өкмөтүнүн 

                                                                                                                                                                                                 2026-ж. “______”____________

                                                                                                                                                                                                  №________буйругуна тиркеме

 

  Лейлек айыл өкмөтүндө коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны  ишке ашыруу боюнча 

2026-2027-жылдарга  иш-чаралар планы  

 

Милдеттер

Иш-чаралар

Ишке ашыруу мөөнөттөрү

Күтүлүүчү натыйжалар

Жооптуу аткаруучулар

Эскертме

1

2

3

4

5

6

7

 

5-глава. Коррупцияны алдын алуу максатында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун камсыздоо

1

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖӨБО ишинде айкындуулук жана ачыктык принциптерин бекемдөө

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1.Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин айыл өкмөтүнүн ведомстволук сайтында жарыялоо

2026-жылдын 

I кварталы

Жарандар айыл өкмөтүнүн жана муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин ишмердүүлүгү менен таанышышат

Айыл өкмөтү

Муниципалдык ишкана

 

2.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын  ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктоочу ченемдик укуктук актылардын жоболорунда, алардын бөлүмдөрүнүн, кызматтык нускамаларында  ЖӨБО аткаруу органдарынын жетекчилеринин кол алдындагы кызматкерлердин аракети (аракетсиздиги) үчүн коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү, мыйзамдардын сакталышына, кызматтык тартиптин абалына үзгүлтүксүз контролду камсыз кылуу аркылуу жоопкерчилигин бекитүү

2026-жылдын 

I кварталы

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле ЖӨБО аткаруу органдарынын, алардын ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин кызматтык нускамаларына коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү чараларын көрбөгөндүгү үчүн алардын жетекчилеринин жоопкерчилигин жогорулаткан толуктоолор киргизилди

Айыл өкмөтү

 

 

3.Муниципалдык кызматчынын коррупцияга каршы жүрүм-турумунун бирдиктүү стандарттарын киргизүү

2026-жыл

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кабыл алган мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында коррупциянын алдын алууну камсыз кылуучу тыюу салуулардын, чектөөлөрдүн, милдеттердин жана уруксат берүүлөрдүн бирдиктүү системасын белгилеген мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын коррупцияга каршы жүрүм-турумунун типтүү стандарттары айл өкмөтүндөгү муниципалдык кызматкерлерге жеткирилип, кызматта колдонууга алынды

Айыл өкмөтү

 

 

2

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын кызматкерлеринин коррупциялык мотивациясын төмөндөтүү

Айыл өкмөтүнө жогорку квалификациялуу адистерди тартуу жана кадрдык потенциалды сактоо үчүн шарттарды жакшыртуу, иштин кадыр-баркын жана жагымдуулугун жогорулатуу жана мамлекеттик башкаруу секторунда коррупциялык тобокелдиктердин болушун төмөндөтүү боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу

2026–2027-жылдар

Айыл өкмөтүндө муниципалдык кызмат орундарына кадрларды тандоо жана системаны жакшыртуу боюнча чаралар көрүлдү

Айыл өкмөтү

 

 

3

Мамлекеттик башкаруу системасында коррупцияга каршы идеологияны, моралдык-этикалык, адеп-ахлактык жана баалуулук багыттарды калыптандыруу

1. ЖӨБО кызматчыларынын этика ченемдерин сактоосун камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексинин талаптарын кызматчылардын так аткаруусу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү. Кызмат өтөөдө кемчиликтерди жоюу жана этика принциптерин жана ченемдерин сактоо боюнча сунуштамаларды жана чараларды иштеп чыгуу менен мамлекеттик башкаруу жана ЖӨБО түзүлгөн кызматчылардын этика боюнча комиссиясынын ишинин натыйжалуулугуна жыл сайын мониторинг жана талдоо жүргүзүү.

2. Кызматчылар тарабынан этиканын принциптерин жана ченемдерин сактоо, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө жана мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында Коррупцияны алдын алуу боюнча, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-ресурстар аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар кызматтык милдеттерин аткарууда чынчылдык, калыстык, ак ниеттүүлүк, жоопкерчилик, кесипкөйлүк жана жогорку этикалык ченемдердин принциптерин популярдаштыруу жөнүндө маалыматтык-пропагандалык ишти туруктуу негизде жүргүзүү

2026–2027-жылдар

1.Жыл сайын кызматчылардын этикасы 

боюнча комиссиянын ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жана талдоо жүргүзүлөт.

2.Муниципалдык кызматчылардын коррупцияга каршы туруктуу жүрүм-турумун калыптандыруу, кызмат өтөөдө этиканын принциптерин жана ченемдерин сактоо жөнүндө, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-ресурстар аркылуу маалыматтык-пропагандалык ишти жүргүзүү боюнча иш-чаралар иштелип чыкты жана ишке ашырылып жатат

Айыл өкмөтү

 

 

6-глава. Социалдык чөйрөнүн жана экономиканын тармактарында жарандардын мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүсүндө коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу

1

Социалдык чөйрөнүн жана экономиканын тармактарында жарандардын мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүсүндө коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу

 1.«Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга мүмкүн болгон кызматтарды көрсөтүүдө жеке жана юридикалык жактардан талап кылынган документтердин (маалымкаттардын, маалыматтардын ж.б.) тизмесин кыскартуу боюнча чараларды көрүү

2026-жыл

 

 

Жол-жоболордун айкындуулугун жана ачыктыгын камсыз кылууга, санариптештирүү фонунда талап кылынган документтердин тизмесин кыскартууга багытталган ченемдик укуктук актылар кабыл алынды

Айыл өкмөтү

 

 

 

2.ЖӨБО уруксат берүүчү документтерди берүү, мамлекеттик каттоо, маалымат берүү менен байланышкан административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү

2026–2027-жылдар

 

 

Айыл өкмөтү

 

 

9. Санариптештирүү процесстерин өнүктүрүү жана азыркы этапта коррупцияга каршы күрөшүүнүн натыйжалуу чараларынын бири катары мамлекеттик жана муниципалдык түзүмдөрдүн ишине маалыматтык технологияларды киргизүү

1

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, административдик жол-жоболорду санариптештирүү

1.Лицензияларды жана уруксаттарды берүүнү кошкондо, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук-санариптик форматка өткөрүүнү жана «Түндүк» ЭВӨС аркылуу мамлекеттик (муниципалдык) органдардын санариптик өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо, административдик жол-жобону жүргүзүү процессинде санариптик технологияларды колдонуу, экономиканын бардык тармактарында АМСти ишке киргизүү, башка АМСтер менен интеграциялоо 

2026–жыл

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар калкка электрондук-санариптик форматта көрсөтүлүүдө, коррупциялык тобокелдиктер минималдаштырылды

Айыл өкмөтү

 

 

2.ЖӨБОдо жерди пайдалануу боюнча иштин санариптик эсебин, ошондой эле айыл чарба багытындагы жерлердин санариптик реестрин түзүү

2026-жыл

Жерди пайдалануунун натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун олуттуу жогорулатууну камсыздоочу жерге жайгаштыруунун санариптик технологиялары ишке киргизилди

Айыл өкмөтү

 

2

Коопсуздукту башкаруу системасын автоматташтыруу жана өнүктүрүү

Калктуу конуштардын коомдук жерлеринде укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу маселелерин караган географиялык камтууну жана функционалды кеңейтүү менен «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүнү улантуу. 

2026–2027-жылдар

«Коопсуз шаар» долбоору географиялык камтууну жана функционалын кеңейтүүдө

Айыл өкмөтү

 

 

 

 

 

Санариптештирүү-нүн алкагында мамлекеттик (муниципалдык) кызматтарды алуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдуулук боюнча мамлекеттик органдардын жана жарандардын өз ара аракеттенүүсү

Интернет-ресурстар аркылуу мамлекеттик (муниципалдык) кызматтарды (маалымкаттар ж.б.) алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө жарандардын маалымдуулугун кеңейтүү боюнча уюштуруучулук жана практикалык чараларды көрүү

2026–2027-жылдар

Жарандарды интернет-ресурстар аркылуу мамлекеттик кызматтарды алуу мүмкүндүгү жөнүндө маалымат менен камсыздоо боюнча чаралар көрүлдү 

Айыл өкмөтү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

14-глава. Стратегияны ишке ашыруу механизмдери, финансы ресурстары

1

Стратегияны ишке ашыруу механизмдерин иштеп чыгуу

Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча стратегиялык ыкмаларды жана багыттарды камтыган, ушул Иш-чаралар планынын биринчи этабын ишке ашыруу механизмдерин камсыз кылуу

2026-жылдын 

I кварталы

 

ЖӨБО тарабынан жыл сайын Стратегиялык документтин иш-чаралар планын ишке ашырууну камсыз кылуучу иштин багыттары боюнча деталдаштырылган коррупцияга каршы пландуу иш-чаралар бекитилген

Айыл өкмөтү

 

 

2

Коррупцияга каршы иш-чараларды өз убагында жана толук финансылык камсыздоо

Стратегияны ишке ашыруу боюнча коррупцияга каршы иш-чараларды каржылоо

 

2026–2027-жылдар 

Стратегиядан келип чыккан коррупцияга каршы иш-чаралар мамлекеттин бюджетинен жана башка мүмкүн болгон булактардан каржылоо менен камсыз болгон, бул аларды натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүндүк берет

Айыл өкмөтү

 

 

15-глава. Стратегияны ишке ашыруу процесстерине мониторинг жана баалоо жүргүзүү

1

Стратегияны ишке ашыруу процессине системалуу мониторинг жана баалоо жүргүзүү

Сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү эске алуу менен коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетту даярдоо үчүн ички мониторинг жүргүзүү

2026–2027-жылдар

(жыл сайын)

Жыл сайын, отчеттук жылдан кийинки жылдын 
1-февралынан кечиктирбестен, жооптуу аткаруучулар тарабынан Стратегиядан келип чыккан ушул Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчеттор Лейлек РМА аркылуу коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (прокуратурага) берилет

Айыл өкмөтү

 

 

 

         

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Орун басар-жооптуу катчы                                                                                                                                                           Т.М.Сайдуллаев