Шрифттин өлчөмү
Интервал
Сүрөттөр

13.04.2023

Кароолор: 28

2026-жылга чейин мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 2 эсеге жогорулашы керек

2026-жылга чейин мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 2 эсеге жогорулашы керек

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин жетекчилиги астында «Өкмөттүк акселераторлор» программасын илгерилетүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отуруму өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 


Кеңешменин ишине президенттин алдындагы балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева, тийиштүү министрликтердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр катышты. 

Анда кыска мөөнөттүн ичинде программанын аталган багыты боюнча биргелешип иш алып баруунун кадамдык планын иштеп чыгуу зарыл экендиги белгиленди. 

Долбоордун жетекчиси Асел Чынбаева аталган программанын алдында жакшы максаттар турганын, 2026-жылга карата балдардын мектепке чейинки билим берүү менен камтылышын эки эсеге чейин жогорулатуу максаты коюлганын билдирди. 

Каныбек Иманалиев эгерде алдыга коюлган максаттар ишке ашса, жаш балдардын гана эмес, аялдардын социалдык абалын жакшыртуу маселесинин да чечилүүсүнө шарт түзүлөрүн белгиледи. 

«Өкмөттүк акселераторлор» программасы — реформаларды жүргүзүүнүн атайын механизми. Аталган методологияга ылайык, мамлекеттик органдар көйгөйлүү маселелерди чечип, коюлган максаттарга 100 күн ичинде жетишүүсү тийиш.