12.02.2024
Кароолор: 126
Катраң айыл өкмөтү башкы, улук жана кенже административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү боюнча ачык сынак жарыялоо

Квалификациялык талаптар rezerv_93631.pdf
Акыркы мөөнөт 21.02.2024
Талапкерлерге коюлуучу квалификацияляк талаптар:
Административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн.
--- жогорку билим:
---жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стаж;
Ченемдик-укуктук актылардын тизмеси:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарды жүргүзүү боюнча типтүү нускама”
Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн.
--- жогорку билим:
---жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стаж;
Ченемдик-укуктук актылардын тизмеси:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарды жүргүзүү боюнча типтүү нускама”
Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн.
--жогорку же орто кесиптик билим; эмгек стажына талап коюлбайт:
Ченемдмк укуктук актылардын тизмеси; Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
Конкурска катышууну каалагандар төмөнкү документтерди тапшыруулары зарыл:
1.Жеке арыз (административдик кызмат орунунун тобун көрсөтүү менен)
2.Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен)
3.Өмүр баян (соттолбогондугу жөнүндө справкасы менен)
4. Дипломдун жана эмгек китепчелеринин көчүрмөсү мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган. Паспорттун көчүрмөсү:
Документтер массалык маалыматтар каражаттарына жарыя болгон күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде Катраң айыл өкмөтүнүн кеңсесинде кабыл алынат.
Толук маалыматты katran.gov.kg сайтынан алсаныздар болот.
Дареги: К.Ташбалтаев көчөсү №56, маалымат алуу үчүн байланыш телефону: 0770425840, 0701333596
Эскертүү: конкурска бардык квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат.